Бекешев мопеддер менен скутерлерди милдеттүү каттоого чейин легалдаштырууну сунуштады

26.08.2026 | 16:04
Бекешев мопеддер менен скутерлерди милдеттүү каттоого чейин легалдаштырууну сунуштады — Новости Кыргызстана

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мопеддер менен скутерлерди милдеттүү каттоо башталганга чейин легалдаштырууну сунуштады. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram-каналында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанга көптөгөн мопеддер жана скутерлер керектүү документтери жок киргизилген. Айрым ээлеринде инвойс гана бар. Ал эми документтери бар транспорт каражаттарында кыймылдаткычтын көлөмү, электр кыймылдаткычынын кубаттуулугу жана башка мүнөздөмөлөр туура эмес көрсөтүлүшү мүмкүн.

Бекешев мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мопеддер менен скутерлерди каттоодон өткөрүү керектигин эске салды. Аларды башкаруу үчүн А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк да талап кылынат.

«Жогорку Кеңештин жыйынында бул өзгөртүүлөрдү талкуулап жатканда эле транспорт каражаттарын каттоодон мурда легалдаштыруу керектигин айткам. ИИМ муну жасайбыз деп убада берген», — деди депутат.

Анын айтымында, мыйзам 19-июнда күчүнө кирген, бирок легалдаштыруу процедурасы ушул күнгө чейин баштала элек. Бекешев милдеттүү каттоо мөөнөтү келгенде документи жок транспорт ээлери мыйзамдын талаптарын аткара албай калат деп кооптонууда.

Депутаттын пикиринде, бул мопед жана скутер ээлеринин массалык түрдө айыпка жыгылышына жана транспорт каражаттарынын айып короого токтотулушуна алып келиши мүмкүн. Маселе мопед жана скутер менен жеткирүү кызматында иштеген курьерлерге жана ишкерлерге да таасирин тийгизет.

Бекешев мопеддер менен скутерлерди легалдаштыруу процессин баштоо сунушу менен министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге кат жөнөтүп жатканын билдирди.

Scroll to Top