Ысык-Көлдө 1 млн сомдон ашык айып пулу бар айдоочу кармалды

Ысык-Көл облусунда жасалма мамлекеттик номур менен жүргөн жана буга чейин 1 млн 91 миң 700 сом өлчөмүндө төлөнбөгөн айып пулу бар айдоочу аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, айдоочу Ички иштер министрлиги тарабынан орнотулган жаңы автоматташтырылган фото жана видеофиксациялоочу программалык комплекстердин жардамы менен табылган. Текшерүү учурунда «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү автоунаага жасалма номур тагылганы жана айдоочунун мурунку айып пулдарды төлөбөй жүргөнү такталган.
Ысык-Көл ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан айдоочуга карата тиешелүү чаралар көрүлүп, унаа айып короосуна киргизилген.
ЖКККББ эскерткендей, жол эрежелерин бузган ар бир жаран мыйзам алдында жооп бериши керек жана айып пулдарды төлөбөй жүрүү жоопкерчиликтен бошотпойт. Мекеме заманбап технологиялардын жардамы менен мыйзам бузууларды аныктоо иштерин улантарын билдирди.