Минкаб оюн-зоок жайлары боюнча мыйзам долбоорун кабыл алууга шашылууда

Минкаб оюн-зоок жайлары боюнча мыйзам долбоорун кабыл алууга шашылууда

Министрлер кабинети оюн-зоок жайлары боюнча мыйзам долбооруна өзгөртүүнү тез арада кабыл алып берүүнү өтүнүүдө. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн телеграм каналында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, мыйзам долбоор бул тармакты монополдоштурууга багытталган.

“Бул мыйзам долбоор “Грант казинонун” пайдасы үчүн иштелип чыгып, баардык оюн-зоок мекемелерин аларга өткөрүп берүү максатын көздөйт. Азыр эле эки тотализатор ачкан компания лицензиясын кайтарып берди. Минкаб депутаттарга келип, батырак кабыл алып бергиле деп суранууда”, — дейт эл өкүлү.

Белгилей кетсек, Минкаб сунуштаган мыйзам долбоору боюнча тотализатор, букмекерлик кеңселер дагы казинонун аймагында гана жайгашышы керек.

“Грант казиносу” президенттин мурдакы кеңешчиси Арзыбек Буркановго таандык.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>