Молдогазиев БУУнун өкүлү менен баскынчылык туурасында сүйлөштү

Молдогазиев БУУнун өкүлү менен баскынчылык туурасында сүйлөштү

20-сентябрь күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын Башкармалыгынын (АУЖК) Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлү Ричард Коменда менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жолугушууда тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулашты. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары маектешинин назарына азыркы кырдаал, көптөгөн адам курмандыктары, анын ичинде балдар тууралуу маалымат берди. Тажикстандын куралдуу агрессиясынын натыйжасында кыргыз тарап чек ара жаңжал аймагынан 140 миңден ашык жайкын тургундарды тез арада эвакуациялоого аргасыз болгонун айтып берген.

Өз кезегинде БУУнун Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлү Ричарды Коменда каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Ал АУАКБ Кыргыз Республикасынын органдары менен БУУнун өлкө командасынын өз ара аракеттенүүсү үчүн түзүлгөн өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү координациялык тобунун ишине активдүү катышып жатканын билдирди.

Ал АУЖК кырдаалга терең тынчсыздануу менен көз салып жатканын белгилеп, чек ара маселелерин саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ричард Коменда Баткен облусунун жабыркаган аймактарында жашоону нормалдаштыруу үчүн Кыргызстан менен мындан ары да кызматташууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуудан кийин Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азиядагы аймактык өкүлү Ричард Коменда көңүл айтуу китебине жазуу калтырды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>