КР спортчулары эстетикалык топтук гимнастика боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынышты

Казакстанда өткөн эстетикалык топтук гимнастика боюнча Азия чемпионатында жана эл аралык мелдештерде Кыргызстандын өкүлдөрү бир катар сыйлыктарды жеңип алышты, деп билдирет аталган спорт түрү боюнча федерация.
Такталган маалымат боюнча, 11-июндан 14-июнга чейин Астана шаарында Эстетикалык топтук гимнастика эл аралык федерациясынын (IFAGG) алдында Азия чемпионаты, Дүйнө кубогунун этабы жана кенже курактагылар үчүн эки эл аралык мелдеш өттү. Мелдешке жалпысынан 11 өлкөдөн 93 команда катышты.
Кыргызстандын атынан Бишкек жана Ош шаарларынын спорттук клубдарынан 16 команда катышты.
Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы жетишкендиги «Сеньорлор. 16 жаштан жогору аялдар» категориясындагы коло медаль болду.
Команда үчүнчү жыл катары менен өзгөрүүсүз курамда чыгып келет. Анын курамына Юлия Тимошкина, Вероника Ветрищак, Адиля Асанова, Вероника Шубина, Ясмин Кайназарова, Алиса Валяева, София Аргинтаева, Маргарита Непорадна жана Айшоола Эркинбекова кирди. Курама команданы даярдоодо башкы машыктыруучу Васим Сакари жана эл аралык категориядагы калыс Ксения Белокурова эмгектеништи.
Дагы бир коло сыйлыкты 10–12 жаш курактагылар (узун программа) категориясында Elegance Mini командасы жеңип алды. Команда Орусиянын өкүлдөрүнө гана жол берди.
Кыргызстан биринчи жолу «Микс» категориясында (10–12 жаш) RAY Unstoppable командасы менен катышып, алтын медалдарды багындырды.
Оштук командалар да ийгиликтүү чыгышты: Emerald 6–8 жаш категориясында (кыска программа) коло байгеге ээ болду, Agate 8–10 жаштагы спортчулар арасында күмүш жеңсе, Daimond командасы коло медалга татыды.
Ошондой эле 10–12 жаш курактагылар (кыска программа) арасында Ray Moon командасы коло, ал эми Elegance Princess командасы 6–8 жаштагы катышуучулар арасында жеңүүчү болду.
«Мария» клубунун «Долорес» жана «Тутти Фрутти» командалары Азия чемпионатынын жана Alan Cup турниринин финалына чыгышты.