Мөңгүлөрдөн баштап ышка чейин: окумуштуу Кочкунбек Бакиров Кыргызстандын келечеги тууралуу

Жыл сайын 5-июнда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүн утурулай, Reporter.kg сайтынын кабарчысы КР Улуттук илимдер академиясынын М. Адышев атындагы Геология институтунун география бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу, география илимдеринин кандидаты Кочкунбек Бакиров менен маектешти. Анда бүгүнкү күндө Кыргызстандын алдында кандай экологиялык чакырыктар турганы, өлкө климаттын өзгөрүшүнө канчалык аялуу экени жана жаратылыштын тең салмактуулугун сактоо үчүн азыртан баштап эмне кылуу керектиги талкууланды.
— Кочкунбек Бакирович, бүгүнкү күндө кандай экологиялык көйгөйлөр Кыргызстан үчүн эң чоң коркунучту жаратууда?
— Бул — климаттын кескин өзгөрүшү жана жаратылыш экосистемаларына антропогендик күч келүүсүнүн (адамдын иш-аракеттеринин таасиринин) өсүшү. Климаттын жылышы менен мөңгүлөрдүн тез эрүүсү, суу ресурстарынын азайышы, топурактын бузулушу жана биологиялык ар түрдүүлүктүн кыскарышы байланыштуу. Аба ырайынын жана климаттын өзгөрүшү суу ташкындары, сел жана жер көчкү сыяктуу жагымсыз көрүнүштөргө алып келүүдө. Акыркы жылдары аптаптуу ысыктын тез-тез катталып жатканынан улам кургакчылык да байкала баштады. Антропогендик жүктүн (адамдын иш-аракетинин) өсүшү менен табигый чөйрөлөрдүн — атмосферанын, гидросферанын жана биосферанын булганышы түздөн-түз байланыштуу.
Жолдорду, өнөр жай объектилерин курууда, жер казынасын өздөштүрүүдө табигый жаратылыш ландшафттары бузулуп, жарлар, кокту-колоттор жана рельефтин башка тегиз эместиктери пайда болот да, алар урап түшүү, жер көчкү жана башка техногендик кырсыктардын очогуна айланат. Мындан тышкары, суу объектилери өнөр жай жана айыл чарба саркындылары менен булганууда, ал эми тазалоочу курулмалар аябай эскирген, бул ичүүчү суунун сапатынын начарлашына алып келүүдө.
Кыргызстандын дагы бир олуттуу көйгөйү — өндүрүш жана турмуш-тиричилик калдыктары. Өлкөдө 250 миллион куб метрден ашык уулуу жана радиоактивдүү калдыктарды камтыган 92 калдык сактоочу жай бар, алар табигый объекттердин экологиялык абалына жана жер астындагы сууларга коркунуч жаратууда.
— Климаттын өзгөрүшү Кыргызстанга азыртан эле кандай таасир этүүдө?
— Климаттын жылышы мөңгүлөрдүн тез эрүүсүнө алып келди жана бул процесс уланууда. Ушундан улам Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 16% га кыскарды. Көптөгөн мөңгүлөр деградацияга учурап, майда бөлүктөргө бөлүнүп кетти, ал эми мөңгүлөрдүн бир бөлүгү таптакыр жок болду.
Көптөгөн дарыялардын нугу соолуп калды, көпчүлүк дарыялардын агымы азайды. Мунун баары айыл чарбасын сугат суусу менен камсыз кылууга терс таасирин тийгизип жатат. Калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылууда да көйгөйлөр пайда боло баштады.
— Өлкө тургундары жакынкы жылдары кандай кесепеттерди сезиши мүмкүн?
— Эгерде климаттын өзгөрүшүнүн жаратылыш ресурстарына тийгизген кесепеттерин азайтуу боюнча эч кандай чаралар көрүлбөсө, анда Кыргызстан коңшулаш Казакстандагыдай эле ичүүчү суунун да, сугат суунун да кескин тартыштыгына дуушар болот.
Кургакчылыктын айынан Алматыда жана Казакстандын түштүк облустарында ичүүчү сууну да, сугат сууну да пайдалануу боюнча чаралар күчөтүлдү. Өлкөнүн түштүк аймактарында күрүч жана пахта сыяктуу көп сууну талап кылган өсүмдүктөрдүн аянты кескин кыскартылган. Алматыда ичүүчү сууну максатсыз пайдалангандыгы үчүн ири айып пулдар каралган.
Жетиштүү сугарылбагандыктан көптөгөн бак-дарактар жана бадалдар куурап жатат. Мурда Фрунзе шаары бак-дарактардын көптүгүнөн улам мурдагы Советтер Союзунун эң жашыл шаарларынын бири деп эсептелсе, бүгүнкү күндө минтип айтууга мүмкүн болбой калды.
Климаттын жылышынан улам мөңгүлөрдүн эрүүсү улана берет, Ысык-Көлдүн деңгээли бара-бара төмөндөйт, көптөгөн дарыялар тайыздап же таптакыр соолуп калат.
— Борбор калаабыз жөнүндө сүйлөшсөк. Бишкек абанын булгануу көйгөйүнө үзгүлтүксүз туш болууда…
— Кышкысын Бишкек абасы эң булганган шаарлардын дүйнөлүк рейтингине көп кирет. Негизги себептери — жеке үйлөрдө көмүр жагуудан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттар, ошондой эле эскирген унааларды пайдалануу. Булганууга шаардык ЖЭБ да өз салымын кошууда.
Бишкекте экологиялык абалды жакшыртуу максатында акыркы жылдары жеке секторду газга өткөрүү жүргүзүлүүдө, газ жана электр кубаты менен жүрүүчү автобустар сатылып алынды, электромобилдер пайда болду.
Көрүлүп жаткан чаралар шаардын экологиялык абалын бир аз жакшыртты, бирок Бишкектеги абанын булгануу көйгөйү дагы эле актуалдуу бойдон калууда.
— Кырдаал канчалык кооптуу бойдон калууда жана кандай чаралар аны чындап жакшырта алат?
— Бишкек рельефтин ойдуңдуу формасында — Чүй өрөөнүнүн түбүндө жайгашкандыктан, кышкысын ал жакка муздак аба түшүп, токтоп калат. Натыйжада температуралык инверсия түзүлүп, Бишкектеги абанын температурасы Чоң-Арык менен Орто-Сайга караганда төмөн болуп калат.
Жөнөкөй тил менен түшүндүрсөк, шаарды өзгөчө инверсиялык «капкак» жаап калат да, ал абанын өйдө көтөрүлүп, тарашына жол бербейт. Мунун кесепетинен көпчүлүк ыш (кара түтүн) деп атаган зыяндуу заттардын булуту пайда болот.
Эгерде Бишкекте башаламан жана өтө тыгыз курулуштар улана берсе, абанын булганышы сакталып калат, ал эми көрүлүп жаткан чаралар жетишсиз болот, анткени шаардын желдетилиши барган сайын начарлай берет.
Бул фактор мурда архитекторлор жана куруучулар тарабынан толук эске алынган эмес. Пишпек курулуп жатканда шаарда Эркиндик жана Жаш Гвардия сыяктуу кең көчөлөр жана бульварлар болот деп пландалган, бул тоо-өрөөн аба циркуляциясынын эсебинен натыйжалуу желдетүүнү камсыз кылмак.
Тилекке каршы, тыгыз курулуш экологиялык кырдаалдын кескин начарлашына алып келди. Имараттарды өтө жыш жайгаштырбай, абанын жакшы айланышын камсыз кылуу үчүн аларды бири-бирине параллелдүү жана кененирээк жайгаштыруу керек эле. Андан тышкары, шаарды курчап турган бак-дарактардан жана бадалдардан турган санитардык жашыл зона иш жүзүндө жок болду.
— Кыргызстандын мөңгүлөрүн бүтүндөй Борбордук Азия үчүн суунун стратегиялык запасы деп аташат. Алардын эрүү көйгөйү канчалык олуттуу жана ал эмнеге алып келиши мүмкүн?
— Гляциолог, география илимдеринин кандидаты Рыскул Усубалиевдин маалыматы боюнча, Тянь-Шанда аянты жана узундугу боюнча ар кандай өлчөмдөгү мөңгүлөр кездешет. Аянты 0,1 км²ден аз болгон мөңгүлөр, ошондой эле аянты ондогон жана жүздөгөн чарчы километрди түзгөн мөңгүлөр да бар. Айрым мөңгүлөрдүн узундугу 200–700 метрге созулса, башкалары ондогон километрге жетет. Муз катмарынын аянты кыйла чоң болгонуна карабастан, анын Тянь-Шань аймагында мейкиндикте жайгашуусу өтө бирдей эмес.
Болжол менен 70 жылдык мезгил аралыгында Кыргызстандын жалпы муз катмарында төмөнкүдөй өзгөрүүлөр болду: муз катмарынын аянты 16% кыскарды, ири мөңгүлөрдүн аянты 17% азайды, ал эми майда мөңгүлөрдүн аянты эки жарым эсеге (245%) көбөйдү.
Бул муз катмарынын жалпы деградациясына байланыштуу, мында ири мөңгүлөрдүн кыскарышы алардын аянтынын азайышына гана алып келбестен, кийинчерээк өз алдынча кичинекей мөңгү катары жашаган айрым бөлүктөргө бөлүнүп кетишине да шарт түзөт. Андан тышкары, СССРдин мөңгүлөр каталогунун айрым бөлүктөрүндө өлчөмү 0,1 км²ден аз болгон мөңгүлөр таптакыр эсепке алынган эмес, ал эми азыркы (актуалдуу) каталогдо аянты 0,01 км²ден ашкан бардык мөңгүлөр эске алынган.
Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн деградациясына глобалдык жылуулук себеп болууда — аймактагы орточо жылдык температуранын көтөрүлүшү планетадагы орточо көрсөткүчтөн 1,5–2 эсе тез жүрүп жатат — бул жаан-чачын режиминин өзгөрүшү менен коштолууда.
— Мөңгүлөрдүн жок болуп кетиши түздөн-түз бизге кандай коркунучтарды алып келет?
— Бул процесс бизге гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азияга олуттуу экологиялык, социалдык жана экономикалык тобокелдиктерди алып келет. Эң биринчи кезекте, бул — таза суунун тартыштыгы. Аймактагы суу ресурстарынын 30% га чейинин мөңгүлөр түзөт. Узак мөөнөттүү келечекте алардын эрүүсү суунун кескин азайышына алып келет, бул айыл чарбасы жана энергетика үчүн өтө кооптуу жагдай.
Андан тышкары, табигый кырсыктардын коркунучу өсүүдө: тоолордо туруксуз мөңгү көлдөрү активдүү пайда болууда, ал эми алардын жырылып кетиши кыйратуучу селдерди жана суу ташкындарын жаратат.
Ошондой эле биздин энергосистемага да коркунуч жаралат, анткени дарыялардагы суунун азайышы өлкөнүн экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон гидроэнергетикага (мисалы, ГЭС каскаддарынын ишине) терс таасирин тийгизет.
— Бүгүнкү күндө Кыргызстандын экологиялык саясатындагы эң алсыз чынжыр кайсы: мыйзамдар, көзөмөл, каржылообу же калктын экомаданиятыбы?
— Бул чынжырдагы эң алсыз жер — мыйзамдар, анткени Кыргызстандын экологиялык абалына байланыштуу жаратылышты коргоо маселелерин чечүүдө субъекттердин ортосундагы экологиялык-укуктук мамилелерди так жөнгө салган мыйзамдар жок.
— Ал эми жакынкы 10–15 жылды ала турган болсок, Кыргызстан үчүн кайсы экологиялык чакырыкты эң кооптуу деп эсептейсиз жана эмне үчүн?
— Бул — согуш, анын ичинде ядролук согуш коркунучу. Учурда согуштар бири-бирине каршылаш мамлекеттердин ортосунда гана эмес, кээде жалпы тарыхы бар элдердин, ошондой эле коңшу өлкөлөрдүн ортосунда да жүрүп жатат.
Каржы ресурстарын адамдардын бакубаттуулугун жогорулатууга, билим берүүнү жана медицинаны өнүктүрүүгө жумшоонун ордуна, эбегейсиз каражаттар аскердик максаттарга сарпталууда. Натыйжада бейкүнөө адамдар набыт болуп, согуш балдарды да аябай, шаар-айылдар кыйрап, ал эми жаратылышка орду толгус зыян келтирилүүдө.
— Бул чындап сезилерлик натыйжа бериши үчүн айлана-чөйрөнү коргоого ар бир кыргызстандык кандай салым кошо алат?
— Ал Кыргызстан — анын Мекени экенин жана аны көздүн карегиндей сактоо керектигин түшүнүшү керек. Айлана-чөйрөгө өтө аяр мамиле кылуу зарыл: аны булгабай, таштанды таштабай, бак-дарактарды жана бадалдарды сындырбай, тескерисинче, өзүң жашаган, окуган жана эс алган жердин микроклиматын жакшыртып, жаңыларын отургузуу керек. «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот». Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун бул сөздөрү бүгүнкү күндө да өз актуалдуулугун жоготкон жок. Ошондой эле улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун: «Адамга эң кыйыны — күн сайын Адам болуу» деген сөздөрү эске түшөт.
Сөзүмдүн аягында бардыгыңыздарды Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү менен куттуктагым келет. Сиздерге таза аба, тунук суу, калың токой, гүлдөгөн талааларды жана мөлтүрөгөн көлдөрдү каалайм. Планетабызды келечек муун үчүн сактап калалы!
Анара Мамытова