Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Бишкекте жасалма документтерди даярдоого шектелип эки чет өлкөлүк жаран кармалды
01.10.2026 | 12:57

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаарында жасалма документтерди даярдоого жана пайдаланууга шектелип чет мамлекеттин эки жаранын кармады. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 1-октябрда, 24 жаштагы А.А. жана 23 жаштагы И.М.Н. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин «Документтердин жасалмасын жасоо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалгандар виза тариздөөгө байланыштуу документтерди жасалмалоого жана колдонууга тиешеси бар деп шектелүүдө.
Учурда окуянын жагдайларын жана мыйзамсыз аракеттерге катышы бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: жасалма документ, УКМК