УКМК: Ысык-Көлдө мыйзамсыз иштеп жүргөн 36 чет элдик аныкталды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Нелегал-ЖККУ-2026» эл аралык операциясынын алкагында Ысык-Көл облусунда өлкөдө мыйзамсыз жүрүп, иштеп жаткан чет элдиктер кармалганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, 2-3-июнь күндөрү чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 32 объект жана беш өлкөдөн келген 768 жаран текшерилген. Жыйынтыгында 36 чет өлкөлүк жаран Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн аныкталган. Мыйзам бузуулар боюнча жалпысынан 64 административдик протокол түзүлүп, айып пулдар салынган.
УКМК учурда аталган жарандарды өлкө аймагынан чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө болуу, каттоодон өтүү эрежелерин бузуусу же тиешелүү уруксаты жок иштеши мыйзамда каралган жоопкерчиликке, анын ичинде өлкөдөн чыгарууга алып келерин эскертти.