Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштады

04.10.2026 | 15:00
Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштады — Новости Кыргызстана

Түрк мамлекеттери уюмунун саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын делегация башчылары жана өкүлдөрү, ошондой эле ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев менен өзүнчө эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саламаттык сактоо тармагында жетишилген макулдашуулардан конкреттүү биргелешкен долбоорлорго өтүүгө негизги көңүл бурулду. Маанилүү багыттардын бири катары кадрдык потенциалды өнүктүрүү белгиленди. Анын ичинде адистерди алмашуу, стажировкалар, квалификацияны жогорулатуу, академиялык жана илимий кызматташтык, ошондой эле тартыш адистиктер боюнча практикага багытталган окутуу маселелери талкууланды. Тараптар медициналык уюмдар, университеттер жана илимий борборлор ортосундагы түз байланыштарды кеңейтүү маселесин да карашты.

Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык буюмдар маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Анда дары каражаттарынын сапаты жана коопсуздугу, фармакологиялык көзөмөл, бааларды жөнгө салуу, түз жеткирүү жана сатып алуулар, ошондой эле өндүрүштү локалдаштыруу жана технологияларды өткөрүп берүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Азербайжан тарап менен жолугушууда министр Теймур Мусаев Азербайжандын саламаттык сактоону санариптештирүү, адамдык капиталды өнүктүрүү жана медициналык системаны каржылоонун жаңы моделдери боюнча тажрыйбасын тааныштырды. Кыргызстандын бирдиктүү фармацевтикалык платформаны өнүктүрүү жана ТМУга мүчө өлкөлөрдө дары-дармектерди каттоо жана жүгүртүү боюнча бирдиктүү ыкманы түзүү боюнча сунуштары өзгөчө кызыгуу жаратты. Ошондой эле TURKTRANSPLANT алкагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, анын ичинде маалымат алмашуу жана донордук программаларды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн маанилүү темаларынын бири саламаттык сактоону санариптештирүү жана жасалма интеллектти колдонуу болду. Тараптар санариптик медициналык системалар, телемедицина, медициналык маалыматтар, маалыматтык коопсуздук жана диагностика менен клиникалык практикада жасалма интеллектти колдонуу жаатында практикалык тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдиришти.

Казакстан тарап менен Кыргызстанда өткөн Казакстан медицинасынын күндөрүнөн кийин кызматташтыкты практикалык жактан мындан ары өнүктүрүү маселеси талкууланды. Анын алкагында Чүй облусунун 1300дөн ашуун тургунуна биргелешкен консультациялар, операциялар, мастер-класстар жана текшерүүлөр өткөрүлүп, эки өлкөнүн медициналык жана билим берүү уюмдарынын ортосунда жети меморандумга кол коюлган. Казакстан тарап мындай форматтагы иштерди системалуу негизде улантууга даяр экенин билдирди.

Түркия тарап менен жолугушууда Режеп Тайып Эрдоган атындагы Кыргыз-түрк мамлекеттик достук ооруканасын өнүктүрүү, трансплантология, медициналык кадрларды даярдоо, дары-дармектерди жөнгө салуу, санариптик саламаттык сактоо жана жасалма интеллект маселелери өзүнчө каралды.

Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар тиешелүү мекемелердин жана адистердин деңгээлинде ишти улантуу, конкреттүү артыкчылыктарды, жооптуу тараптарды жана биргелешкен иш-чараларды аныктоо зарылдыгын белгилешти. Кыргызстан үчүн саламаттык сактоо тармагындагы эл аралык кызматташтык биринчи кезекте дарыгерлер, медициналык уюмдар жана бейтаптар үчүн практикалык натыйжа бериши маанилүү экени белгиленди.

Scroll to Top