Көчмөндөр оюндарына даярдык: КР Саламаттыкты сактоо министрлиги ЖККУнун машыгууларынан өттү

04.06.2026 | 13:14
одкб

1-июндан 3-июнга чейин КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин делегациясы башкы санитардык дарыгер Г. С. Ишенапысованын жетекчилиги астында Саратов шаарында өткөн ЖККУнун (Жамааттык коопсуздук келишим уюму) биологиялык коопсуздук боюнча Координациялык кеңешинин 6-жыйынына катышты. Жолугушуунун алкагында кыргызстандык адистер биологиялык коркунучтарды жоюу боюнча эл аралык машыгууларда даярдыктан өтүштү.

Машыгуу учурунда талаа шарттарында автономдуу түрдө ыкчам диагностика жүргүзүүгө жөндөмдүү көчмө лабораториялардын ишине өзгөчө көңүл бурулду. Буга чейин, 2015-жылдан 2024-жылга чейинки мезгилде Роспотребнадзор Кыргызстанга ушундай 6 комплексти акысыз өткөрүп берген, алар учурда кооптуу инфекциялардын табигый очокторуна мониторинг жүргүзүү үчүн жигердүү колдонулууда.

Саламаттыкты сактоо министрлиги алынган тактикалык тажрыйбаны VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүдө колдонот. Көчмө лабораториялардын мүмкүнчүлүктөрү жана ЖККУнун иштеп чыгуулары Ысык-Көл облусунда Оюндардын катышуучуларынын жана конокторунун толук биологиялык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн масштабдуу симуляциялык машыгууларда колдонулат.

Scroll to Top