Эксклюзив

КРВИ жана эмдөө: Кыргызстандагы кырдаал тууралуу Мамэпидкөзөмөл департаментинен айтып беришти

28.09.2026 | 14:05
КРВИ жана эмдөө: Кыргызстандагы кырдаал тууралуу Мамэпидкөзөмөл департаментинен айтып беришти — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда акыркы аптада сасык тумоо (грипп) жана КРВИ (курч респиратордук вирустук инфекция) менен ооругандардын саны 27%га өстү, бирок эпидемиологиялык абал бул мезгил үчүн күтүлгөн деңгээлде сакталууда. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына КР Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин дарыгер-эпидемиологу Динагүл Оторбаева билдирди.

Анын айтымында, оорунун бир аз өсүшү республиканын бардык аймактарында байкалууда жана сезондук мүнөзгө ээ.

«Республика боюнча эпидемиологиялык кырдаал күтүлгөн деңгээлге туура келет. Биз жыл сайын каттала турган оорунун акырындык менен өсүшүн байкап жатабыз. Ушул жылдын 38-аптасына салыштырмалуу 39-аптада ооругандар 27%га өстү. Ошол эле учурда 2025-жылдын 39-аптасына салыштырмалуу көрсөткүч 3,2%га төмөн», — деп билдирди Оторбаева.

Ал Саламаттык сактоо министрлиги жыл сайын тобокелдик тобундагы адамдарды акысыз эмдөө үчүн сасык тумоого каршы вакциналарды сатып аларын белгиледи.

Аларга өнөкөт оорулары бар адамдар, тез-тез ооруган балдар, кош бойлуу аялдар жана 65 жаштан ашкан жарандар кирет. Оторбаеванын айтымында, калктын бул категориясында сасык тумоонун өтүшүп кетүү коркунучу жогору.

Быйыл Саламаттык сактоо министрлиги «Гриппол Плюс» вакцинасынан 63–64 миңге жакын доза сатып алды. Учурда препарат өлкөнүн аймактарына бөлүштүрүлүүдө.

Мындан сырткары, кошумча дагы 100 миңге жакын доза сатып алуу маселеси талкууланып жатат. Эгер сатылып алынса, алар да Кыргызстандын облустарына, шаарларына жана райондоруна бөлүштүрүлөт.

Тобокелдик тобуна киргендер үчүн эмдөө өлкөнүн бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда (ҮМБ) — Бишкектен тарта райондорго чейин акысыз жүргүзүлөт. Аталган тобокелдик топторуна кирген кыргызстандыктар вакцинаны өздөрү катталган үй-бүлөлүк медицина борборлорунан акысыз ала алышат.

Анара Мамытова

Scroll to Top