Ташиев криминалга «салык» төлөгөндөр да жоопко тартыларын эскертти

Ташиев криминалга «салык» төлөгөндөр да жоопко тартыларын эскертти

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев фейсбуктага баракчасына пост жазып, кримчөйрөнүн адамдарына жана аларга ишкерлерге кайрылуу жасады.

«Бизнесмендер, чет өлкөлүк инвесторлор, ресторандардын, базарлардын ээлери, базарларда отурган жарандар, баарыңарга кайрылабыз. Кимде ким кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрүнө акча берип жүргөн болсо, мындан ары токтоткула. Эгер дагы деле каржылоону уланта турган болсоңор, силер да жооп берип каласыңар.

Криминалдар буга чейин көптөгөн бизнестерден, бизнесмендерден, керек болсо инвесторлордон акча алып жүргөндөрү, бирөөлөрдүн мүлктөрүн тартып алгандары аныкталып жатат. Кимде ким буга чейин жабыркаган болсоңор УКМКга кайрылгыла.

«Эми баарыңарга эскертебиз, мындан ары кримчөйрөсүнө бергендерди да, крим чөйрөсүмүн деп барып кимдир бирөөлөрдү коркутуп акча алгандарды да жазалайбыз. Мындан ары Кыргызстанда крим чөйрөсү, крим кассасы деген болбойт», — деди ал.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо жүргүзүп, операция учурунда Көлбаев жок кылынганы кабарланган. УКМКнын маалыматы боюнча, кармоо учурунда Көлбаев атайын багыттагы кызматкерлерге куралдуу каршылык көрсөтүп, ага жооптуу ок атылганда, кримтөбөл жараат алып, окуя жеринде көз жумган.

5-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда кримчөйрөнүн адамдарына мыйзамсыз иштерин токтотуу боюнча бир нече жолу эскертүү берилгенин, эми кылмыштуу топ түзүүгө аракет кылгандар катуу жазалана турганын билдирген.

Көп өтпөй Кыргызстандагы кримчөйрөгө тиешеси бар адамдар кылмыш дүйнөсүнөн баш тарта турганын, мыйзам боюнча жашай турганын айтып чыгышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>