Капитан Пикар менен профессор Ксавьердин ролдорун аткарган Патрик Стюарт көз жумду

Британиялык актер сэр Патрик Стюарт 87 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал 28-октябрда Лос-Анжелестеги үйүндө жакындарынын жана досторунун курчоосунда каза болгонун дүйнөлүк ЖМКлар анын үй-бүлөсүнө шилтеме кылып жазышты. Актёрдун өлүмүнө Альцгеймер оорусу жана Леви денечелери менен коштолгон деменция себеп болгон. Ал бул оорулар менен кыска убакыт күрөшкөндөн кийин көз жумган. Бул тууралуу актёрдун Instagram баракчасында жазылганын «Русская служба Би-би-си» билдирди.
«Анын жанында жакындары жана достору болуп, алар ага сүйүүсүн арнашты. Анын жанында жандуу музыка жаңырып, дубалар окулуп, көз жаш, күлкү жана бүтүндөй өмүрүн бизге арнаган адам гана жарата алган терең сезимдер болду», — деп жазышкан жакындары. Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө ал «сүйүктүү жубайы Саннинин камкордугунда» болгон.
Стюарт «Жылдыздар жолу: Кийинки муун» сериалындагы капитан Жан-Люк Пикардын жана «Икс адамдар» тасмалар сериясындагы профессор Чарльз Ксавьердин ролдору аркылуу өзгөчө таанылган. Ал 1940-жылдын 13-июлунда Англиянын Батыш Йоркшир аймагындагы Мирфилд шаарында төрөлгөн. 15 жашында мектепти таштап, Dewsbury Reporter гезитинде кабарчы болуп иштеген. Ошол эле учурда театрда да роль аткарган. Актёрлук карьерасын 19 жашында баштап, 1966-жылы Королдук Шекспир труппасына кабыл алынган.
Дээрлик 70 жылдык чыгармачылык жолунда ал бир нече «Эмми» жана «Алтын глобус» сыйлыктарына ээ болуп, Голливуддун Даңк аллеясында жылдыз алган. 2009-жылы ханыша Елизавета II ага рыцарлык наам берген.
Стюарт коомдук маселелерге да активдүү көңүл бурган. Ал үй-бүлөлүк зомбулук жана согуш ардагерлеринин психологиялык көйгөйлөрү тууралуу коомчулуктун көңүлүн буруп, качкындарды жана жаныбарлардын укуктарын коргоону колдогон.