Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Бишкекте 12-октябрда электр самокатын ижарага алуу чектелет
06.10.2023 | 23:26
Бишкек шаарында КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтүп жаткан учурда электр самокаттарын ижарага алууга убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул чектөөнү Биринчи май районунун акиминин милдетин убактылуу аткаруучу Райым Жолдошов, №12 МАБдын өкүлдөрү жана электр самокаттарын ижарага берген “Аренда сервис”, “Togo.kg”, “Aбрикос”, “e-motion”, “ Промо экспресс”, «Sunrent» компанияларынын ээлери менен талкуулашты.
“12-октябрда делегация жүрүүчү маршрут боюнча таң эртеден баштап саат 00:00гө чейин чектөөлөр киргизилип, транспорттун бул түрүн колдонуучулар арасында бул билдирүүнү жайылтуу чечими кабыл алынды”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар