Нарын облусунда өнөр жай паркын түзүү пландалууда

Нарын облусунда энергияны көп керектеген жана көмүртек бөлүп чыгаруусу төмөн өндүрүштөрдүн өнөр жай паркы түзүлүшү мүмкүн. Инвестициялык долбоор бүгүн, 1-сентябрда, Энергетика министрлигинде өткөн кытайлык делегация менен жолугушууда талкууланды.
Жолугушууга КРдин энергетика министри Алтынбек Рысбеков менен Кытайдын Чэнду шаарынын Борбор Азия менен экономикалык жана соода байланыштарын өнүктүрүү ассоциациясынын төрагасы Дэн Бо жана «СтарОушен» компаниясынын директору Чжоу Жун катышкан.
Жолугушууда долбоорду электр энергиясы менен камсыздоо маселеси талкууланды. Инвестор электр берүүчү линияларды, көмөк чордондорду жана технологиялык кошулуу үчүн зарыл болгон объекттерди өз каражатынын эсебинен курууну пландаштырууда.
Жыйынтыгында Энергетика министрлиги, «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» ААК жана «СтарОушен Инвестмент» ЖЧКсынын ортосунда долбоордун энергетикалык бөлүгүн техникалык жана укуктук жактан иштеп чыгуу боюнча кызматташуу макулдашылган.