Нооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленетКыргызстанда шаурманын баасы кантип жана эмне үчүн айырмаланат?Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштадыКыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгилендиСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады20-март: Айрым аймактарда жаан жаайт
Нарын шаарына Кытайдан 11 жаңы автобус алынып келет
18.09.2025 | 13:34

Нарын шаарына 11 даана күйүүчү май менен жүрүүчү автобус жана чарба мекемелерине атайын техникалар сатып алуу боюнча заводдор менен келишимдер түзүлдү. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, автобустарды сатып алуу боюнча кытайлык “Ютонг” заводу менен келишим түзүлүп, компания 30 орундуу, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн орундар менен жабдылган, заманбап шарттары бар автобустарды 65 күндүн ичинде жеткирүүгө милдеттенди.
Белгилей кетсек, президенттин Турукташтыруу фондунан Нарын шаарына бөлүнгөн 807 миллион сомдун ичинен 130 миллиону коомдук транспорт сатып алууга багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом