Кыргызстандын Кытай менен товар жүгүртүүсү 27 млрд долларга жетти — Айыл чарба министрлигиЫсык-Көлгө 3,7 миллион даана балык чабагы коё берилдиКыргызстандык мектеп окуучулары Тажикстандын парламентинде болуштуБишкекте ишкерлер менен инвесторлорду бириктирген эл аралык көргөзмө өтүүдөСагынабызбы? Депутаттар сентябрга чейин каникулга тараштыБишкектин айрым көчөлөрүндө 26-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулат
Ноокат: Мечиттеги үгүттү милиция текшерүүдө
12.11.2021 | 16:11
Журналист Жамалдин Парманкулов фейсбуктагы баракчасына Ноокат шайлоо окуругунан Жогорку Кеңешке аттанган Бакытбек Мариповду мечитте жолугушуу өткөрүп, үгүттөгөнү боюнча видеону жарыялады. Ал эми бул далилдерди милиция текшерип жатканын “Азаттыкка” Ноокат районунун акими Дамир Иманалиев билдирген.
Анда ал, “мечит үгүт жүргүзүүгө тыюу салынган жайлардын катарына кирет. Азырынча маалымат иликтенип жатат. Мен Райондук ички иштер башкармалыгына, прокуратурага кабар бердим” – деген.
Жамалдин Парманкулов видео 9-ноябрда Чапаев айылындагы “Мулла Абдукахор” мечитинде тартылганын айткан.
Асамидин Марипов айыптоолорду четке кагып, каралоо катары баалаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат