Бишкекте ишкерлер менен инвесторлорду бириктирген эл аралык көргөзмө өтүүдө

Бишкек шаарындагы «Жаштык Арена» комплексинде Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) төрагалыгынын алкагында «SCO Business & Industry Expo Kyrgyzstan 2026» эл аралык көргөзмөсү өтүп жатат.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маалыматында, бул аянтча ШКУга мүчө мамлекеттердин бизнес өкүлдөрүн, инвесторлорду, мамлекеттик түзүмдөрдү жана соода-өнөр жай палаталарын бириктирүүдө.
Көргөзмөдө Кыргызстандын инвестициялык дарамети жана экономиканын ар кыл тармактарындагы биргелешкен долбоорлор сунушталууда. Ага курулуш, тоо-кен, текстиль, финансы, банк, медицина жана кол өнөрчүлүк секторлорунан 40тан ашык ата мекендик компания катышууда. Катышуучулар тармактардын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, кызматташууну жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулап жатышат.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев жана улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров да катышууда.
Иш-чарада Равшанбек Сабиров сөз сүйлөп, көргөзмө инвестициялык байланыштарды чыңдоого жана бизнес менен инвесторлордун өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүүгө багытталганын белгиледи. Анын айтымында, мындай эл аралык аянтчалар өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн таанытууга жана жаңы инвестицияларды тартууга шарт түзөт.