Кыргызстандык мектеп окуучулары Тажикстандын парламентинде болушту

КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) Кеңешинин катчылыгы билдиргендей, кыргызстандык мектеп окуучулары Мажлиси миллинин төрагасы Рустами Эмомалинин чакыруусу менен 15-июндан бери Тажикстанда өтүп жаткан «Шериктештик балдары» XI маданий-билим берүү форумуна катышууда.
Программанын негизги иш-чараларынын бири — Тажикстандын парламентине баруу болгону белгиленет.
Форумдун катышуучуларын Мажлиси намояндагондун төрагасы Файзали Идизода тосуп алып, аларга мыйзам чыгаруу органынын түзүмү, анын иштөө принциптери жана мамлекетти өнүктүрүүдөгү парламенттин ролу тууралуу айтып берди.

Ошондой эле окуучулар «Истиклол» архитектуралык комплексине, «Кохи Навруз» сарайына жана Тажикстандын Улуттук музейине барып, кабыл алуучу өлкөнүн тарыхы, маданияты жана улуттук каада-салттары менен таанышышты.
Форумдун катышуучуларына КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев да куттуктоо сөзүн жолдоду (эскертүү: түп нускада ушундай берилген).
Форумга Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын делегациялары келген. Ар бир өлкө катышуучуларды өз элинин тарыхы, маданияты жана каада-салттары менен тааныштырган атайын программа даярдашкан.
Расмий бөлүктөн тышкары, мектеп окуучулары үчүн мазмундуу билим берүү жана маданий программа уюштурулду. Форумдун катышуучулары театрга барып, Тажикстандын эл артисттеринин мастер-классына катышышты. Ошондой эле олимпиада чемпиондору менен жолугушуп, алар өздөрүнүн ийгилик сырлары менен бөлүшүп, спорттук машыгууларды өткөрүштү.

Андан сырткары, окуучулар тажик кол өнөрчүлөрү менен таанышып, алар жыгач, металл иштетүү жана кездеме токуу боюнча салттуу ыкмаларын көрсөтүп беришти.

Коноктор үчүн интеллектуалдык олимпиада, маданий-этнографиялык фестиваль өткөрүлүп, инженердик аянтча уюштурулду. Балдар Чыгыштын илимий мурастары — Аль-Хорезми менен Ибн Синанын эмгектеринен тартып, заманбап робототехниканын негиздери менен таанышышты.
Форумдун өзгөчө окуяларынын бири — Кыргызстандын күнү болду.
Бишкектеги «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунун делегациясы КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Шаттык» элдик үлгүлүү бий ансамблинин көркөм жетекчиси Сырга Латыпованын жетекчилиги алдында өлкөнүн маданиятына жана тарыхына арналган программасын тартуулады.

Катышуучулар көрүүчүлөргө Чүйдөн баштап Баткен облусуна чейинки Кыргызстандын бардык жети дубаны тууралуу баяндап беришти. Ар бир аймак тууралуу маалымат улуттук бийлер, музыкалык номерлер жана визуалдык презентациялар менен коштолду.
Жаш өнөрпоздор ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген көчмөн маданиятынын шедеври — «Манас» эпосун тартуулашты.

Ошондой эле форумдун коноктору Кыргызстандын залкар инсандары — улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов жана биринчи кыргыз балеринасы Бүбүсара Бейшеналиеванын бейнеси менен жакындан таанышышты.
Эске салсак, «Шериктештик балдары» форуму 2013-жылдан бери КР Жогорку Кеңешинин демилгеси менен, КМШнын Гуманитардык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык фондунун колдоосу алдында өткөрүлүп келет.