Биринчи санарип мыйзам: Садыр Жапаров документке онлайн кол койду

24.06.2026 | 09:32
Биринчи санарип мыйзам: Жапаров документке онлайн кол койду — Новости Кыргызстана

Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган «Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Санариптик экономика чөйрөсүндөгү өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Белгиленгендей, бул документ Кыргызстандын тарыхында санарип форматта кол коюлган биринчи мыйзам болуп калды. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда кабыл алынган.

Макулдашуу ТМУ (Түрк мамлекеттеринин уюму) өлкөлөрүнүн санариптик экономика чөйрөсүндөгү кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана электрондук коммерция аркылуу соода байланыштарын бекемдөөгө багытталган. Аны ишке ашыруу керектөөчүлөрдүн санариптик кызмат көрсөтүүлөргө болгон ишениминин өсүшүнө жана катышуучу мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн кеңейишине өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.

Документ электрондук соода, онлайн-чөйрөдө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, экспресс-жеткирүү, жеке маалыматтарды коргоо, ошондой эле электрондук коммерция чөйрөсүндө бизнес-коомчулуктардын ортосундагы кызматташуу маселелерин камтыйт.

Scroll to Top