Банктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алыштыБанктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды
Ноокатта 390 гектар жайыт калыбына келтирилүүдө
01.06.2026 | 10:26

Оштун Ноокат районунда деградацияга учураган 390 гектар жайыт жери калыбына келтирилүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Мамлекет тарабынан берилген жайыт өсүмдүктөрүнүн алты түрү аталган жерге себилип, атайын тосмолор менен тосулган. Учурда себилген үрөндөр өнүп чыгып, жайыттардын түшүмдүүлүгүн калыбына келтирүү процесси жүрүп жатат.
Бул иш-чаралар жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, тоют базасын чыңдоого жана аймактын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган.
Эске салсак, ушул жылы өлкөнүн кунарсыз жана деградацияга учураган жайыттарын калыбына келтирүү максатында республикалык бюджеттен 50 млн сом бөлүнгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом