Банктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алыштыБанктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды
Ошто аэропортко барчу жол оңдолуп, жол тыгындары азаят
01.06.2026 | 09:58

Ош шаарында Суранчы Жетимишов көчөсүн Раззаков көчөсүнөн Ош көчөсүнө чейин оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.
Долбоорго ылайык, жолду оңдоо менен бирге эки тарабына тротуар, ирригациялык лотоктор орнотулуп, жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт. Мурда бул көчө тар болгондуктан, жөө жүргүнчүлөр үчүн шарт каралган эмес.
Шаар мэри Жанарбек Акаев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, жумушту сапаттуу жана тез арада бүткөрүүнү тапшырды. Мэрдин айтымында, бул жолдун бүткөрүлүшү «Ош» эл аралык аэропортуна каттаган жүргүнчүлөргө тыгынсыз барууга шарт түзүп, шаардагы унаа агымын жөнгө салат.
Мэриянын маалыматында, учурда Ош шаарында бир убакта 16 көчө оңдолуп, жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом