Ноокатта РИИБ жетекчисинин орун басары пара менен кармалды

Ноокатта РИИБ жетекчисинин орун басары пара менен кармалды

Ноокат райондук милициясынын тергөө кызматынын башчысы  50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, ИИМдин ички иликтөө кызматына Т.А. аттуу жаран кайрылган. Арыз ээсинин айтымында милиция кызматкери андан кылмыш ишти оң жагына чечип берүү үчүн 80 000 сом талап кылып жатканын айткан.

Аталган факты боюнча опузалап пара алуу беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы менен ИИМдин ички иликтөө кызматы шектүүнү 50 миң сом менен кызматтык бөлмөсүндө колго түшүрүшкөн. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Кармалган милиция кызматкери Ноокат райондук милициясынын башчысынын убактылуу орун басары, жана тергөө кызматынын башчысы болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>