Келечектин лидерлери: «Росатом» Кыргызстандын жаштарына кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?

21.09.2026 | 16:51
Лидеры будущего: какие возможности «Росатом» открывает для молодежи Кыргызстана — Новости Кыргызстана

Екатеринбург шаарында өткөн жаштар фестивалында «Росатом» адистердин жаңы мууну үчүн билим берүү жана карьералык мүмкүнчүлүктөрдү сунуштады. Заманбап инженердик жана технологиялык кесиптерге, эл аралык билим алууга жана талап кылынган көндүмдөрдү өнүктүрүүгө болгон кызыгуунун өсүшүнө байланыштуу бул кыргызстандык студенттер үчүн өзгөчө актуалдуу.

11–17-сентябрь күндөрү Екатеринбург шаарында Эл аралык жаштар фестивалы болуп өттү. Диалог куруу, идеялар менен алмашуу жана глобалдык чакырыктарга биргелешип чечим издөө үчүн түзүлгөн бул эл аралык аянтча дүйнөнүн 189 өлкөсүнөн келген 10 000 жаш лидерди бириктирди. Программага креативдүү индустриялар, илим жана билим берүү, ишкерлик, спорт, медиа жана санариптик технологиялар багыттары кирди. Иш-чаранын башкы өнөктөшү катары «Росатом» корпорациясы чыкты.

Фестивалдын негизги темаларынын бири — дипломатиядан жана бизнестин башталышынан тартып билим берүү менен технологияларга чейинки ар түрдүү тармактарда XXI кылымдын лидерлерине зарыл болгон адамдык потенциалды жана негизги компетенцияларды өнүктүрүү болду. «Келечектин көндүмдөрү: галстуксуз диалог» аттуу интерактивдүү сессиянын катышуучулары генеративдик жасалма интеллект доорунда кайсы компетенциялар өзгөчө маанилүү болуп каларын талкуулашты. Алардын арасында сындап ой жүгүртүү (критикалык ойлом) жана уникалдуу адамдык көндүмдөрдү өнүктүрүү менен бирге технологияларды натыйжалуу башкара билүү жөндөмү бар.

Келечектин лидерлери: «Росатом» Кыргызстандын жаштарына кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат? — Новости Кыргызстана

Билим берүү күн тартиби программанын атом жана ага катышпаш тармактардын келечектеги адистерин даярдоого арналган өзүнчө багытында уланды. «Росатомдун» жана Россиянын алдыңкы техникалык ЖОЖдорунун биргелешкен демилгеси болгон «Обнинск Тех» долбоору студенттер жана жаш илимпоздор үчүн эл аралык талкууларды жана карьералык сессияларды камтыган жети тректи сунуштады. Катышуучулар мезгилдүү мектептерге, стажировкаларга, практикаларга, техникалык турларга жана тармактык билим берүү программаларына катышуу шарттары менен таанышышты.

Мындай мүмкүнчүлүктөр Кыргызстандан келген студенттерге да жеткиликтүү. «Росатом» жаштар үчүн Россиянын Улуттук изилдөө ядерлик университети (НИЯУ МИФИ) жана Энергетика институту (МЭИ) сыяктуу ЖОЖдордун базасында окуу жана стажировка программаларын сунуштайт. Тандоодон өткөн абитуриенттер атомдук жана ага катышпаш технологиялар тармагындагы келечектүү жана талап кылынган адистиктерди өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүн алышат. Мамлекеттик корпорация ошондой эле Кыргызстандан келген студенттер үчүн ачык болгон жана атомдук, санариптик технологиялар багытында кадрларды даярдоону камсыз кылган НИЯУ МИФИнин Ташкенттеги филиалы менен да кызматташат.

«Биз жогорку технологиялуу адистиктерге болгон чоң кызыгууну көрүп турабыз жана Кыргызстандан келген балдардын ушундай билим берүү жана карьералык мүмкүнчүлүктөргө ээ болушун каалайбыз. Алынган билим жана көндүмдөр атом тармагында карьера жатоону тандагандар үчүн гана эмес, башка көптөгөн кесиптер үчүн да пайдалуу болот. Сындап ой жүгүртүү, санариптик сабаттуулук, изилдөө көндүмдөрү жана командада иштей билүү бүгүнкү күндө көптөгөн кесиптерде өтө зарыл», — деп белгиледи «Росатомдун» Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов.

Фестивалдын алкагында «Росатомдун» глобалдык эл аралык демилгеси катары 2027-жылы башталчу «Атом 2050» долбоору сунушталды. Ар кайсы өлкөлөрдөн келген жүз жаш илимпоздор, инженерлер жана эксперттер менен биргеликте келечектин сценарийлерин иштеп чыгып, 2050-жылга карата дүйнө кандай болушу мүмкүн жана анын өнүгүшүндө атомдук жана аралаш технологиялар кандай ролду онойт деген суроого жооп издешет. Россиядан, Бразилиядан, Ливандан, Индонезиядан жана Өзбекстандан келген алгачкы алты катышуучу жаштар фестивалында аныкталган. Дагы 94 катышуучу 2027-жылдын башында тандалып алынат.

Бул долбоордун баштапкы чекити катары 2025-жылы Москвада ар кайсы өлкөлөрдүн 100 өкүлүнүн катышуусунда түзүлгөн Атомдук кызматташтыктын жаштар декларациясы саналат. Документ өзөктүк коопсуздук жана коргонуу, билим алууга жана билимге бирдей жетүү, жаштардын лидерлик укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү сыяктуу эл аралык кызматташтыктын жети принцибин бириктирет.

Жаштар туруктуу келечекти курууда ушул принциптерди негиз кылып алышат. «Росатомдун» персонал боюнча башкы директорунун орун басары Татьяна Терентьева белгилегендей, атом тармагынын өнүгүшү технологиялардан гана эмес, адамдардан — алардын талантынан, жоопкерчилигинен жана биргелешип иштей билүү жөндөмүнөн көз каранды. Дал ошондуктан жаш адистерге кесипке жол ачуу, лидерлерди колдоо жана алардын үнү глобалдык атомдук коомчулукта угулушу үчүн шарт түзүү маанилүү.

Теги: росатом
Scroll to Top