Улуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоор

Кыргызстандын Улуттук банкы чет өлкөлөрдө филиалдарын ачкан коммерциялык банктардын капиталына кошумча талаптарды караган токтом долбоорун иштеп чыкты.
Токтом долбооруна ылайык, чет мамлекеттерде ишмердүүлүгүн жүргүзгөн банктар өткөн отчеттук жыл үчүн ар бир чет өлкөлүк филиалды түзүүгө, ачууга жана анын ишмердүүлүгүнө байланышкан чыгымдардын суммасына уставдык капиталын жыл сайын көбөйтүп турууга тийиш болот.
Мында кошумча капиталдаштыруунун өлчөмүн иш жүзүндө тарткан чыгымдардан келип чыгып, ар бир филиал үчүн өзүнчө эсептөө сунушталууда.
Ошентип, эгерде кыргызстандык банк чет өлкөдө бир нече филиал ачса, анда уставдык капиталды жыл сайын көбөйтүүдө алардын ар бирине кеткен чыгымдарды эске алууга туура келет.
Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, мындай өзгөртүүлөрдүн зарылдыгы ата мекендик банктардын чет элдик рыноктордогу ишмердүүлүгүн кеңейтүүсү жана ошол эле учурда жаралып жаткан каржылык тобокелдиктер менен байланыштуу.
Улуттук банк чет өлкөлүк филиал, эреже катары, өз алдынча юридикалык жак болуп саналбай турганын, андыктан анын милдеттенмелери боюнча жоопкерчиликти башкы банк тартарын түшүндүрөт.
Буга байланыштуу көзөмөл органы мүмкүн болуучу чыгымдарды, анын ичинде жаңы рыноктордогу ишмердүүлүккө байланышкан тобокелдиктерди жабуу үчүн капиталдын жетиштүү корун камсыз кылуу зарыл деп эсептейт.
Мындан тышкары, сунушталып жаткан талаптар банктар тарабынан көзөмөлдөөчү чектөөлөрдү кыйгап өтүү максатында айрым операцияларды чет өлкөлүк филиалдарга которуу тобокелдиктерин азайтышы керек.
Учурда мыйзамдар чет өлкөдө филиал ачууну пландап жаткан банктардын капиталдаштырылышынын жетиштүүлүгүн карайт. Бирок мындай капиталдаштыруунун конкреттүү өлчөмдөрү так белгиленген эмес.
Айрым өзгөртүүлөр Кыргызстандын системалуу мааниге ээ банктарына да тиешелүү болот. Долбоор менен алардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата талаптарды тактоо сунушталууда.
Атап айтканда, 2027-жылдын 1-июлуна чейин мындай банктардын капиталынын минималдуу өлчөмү 2 миллиард сомду түзүшү керек. Ал эми 2027-жылдын 1-июлунан тартып иштеп жаткан системалуу мааниге ээ коммерциялык банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн 8 миллиард сомго чейин көтөрүү каралган. Бул норма Улуттук банктын колдонуудагы токтомунда мурда эле бар жана жаңы долбоор менен ал өзгөртүлбөйт.
Негиздеме-маалымкаттан көрүнгөндөй, сунушталган талаптарды ишке ашыруу коммерциялык банктар үчүн кошумча чыгымдарды алып келет.
Ошондой эле мамлекеттик бюджетке да кошумча каржылык жүк түшөрү күтүлүүдө, анткени мамлекет бир нече коммерциялык банктардын капиталында үлүшкө ээ.
Иштеп чыгуучулар белгилегендей, бул долбоор президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы кыргызстандык банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгү үчүн укуктук шарттарды түзүү жөнүндө жарлыгын аткаруу максатында даярдалган.
Анара Мамытова