Новиков Баткенге барды

Новиков Баткенге барды

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткен облусуна келди. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, биринчи вице-премьер-министр аталган аймакка президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен келген.

Коопсуздук кеңештин жыйынында өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн, ага катышкан мамлекеттик органдардын башчыларынын маалыматтары угулду.

Ыкчам кеңешменин жыйынтыгында учурдагы кырдаалды жөнгө салуу жана изилдөө үчүн биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков башында турган жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

Тышкы иштер министрлигине дипломатиялык каналдар аркылуу кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча ишти улантуу тапшырылды.

Белгилей кетсек, 28-апрелде «Головной» суу сактагычында чыр чыккан. 29-апрелде Баткен районунун Көчө-Бою аймагында абал курчуп кеткени айтылган. Кырдаалдын курчушуна Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттери себеп болгон. Алар кыргызстандыктарга жана алардын үйлөрүнө таш ыргыта башташкан.

Учурда эки тараптын аскер кызматкерлери атышууда. Кыргыз тараптан жаракат алгандардын саны 20га жакындап, бир адам каза болду. Ал эми тажик тараптан 31 киши жаракат алып, 3 адам өлдү.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>