Нурбек Абдиев министрдин орун басары болуп дайындалды

Нурбек Абдиев министрдин орун басары болуп дайындалды

Ички иштер министринин орун басарлыгынан бошотулган Мирлан Каниметовдун ордуна Нурбек Абдиев дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти

Маалыматка ылайык,  бүгүн, 4-апрель күнү ички иштер министри Улан Ниязбеков  өздүк курамга жаңы орун басары милициянын полковниги Нурбек Абдиевди тааныштырган.

Тиешелүү буйрукка премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон.

Нурбек Абдиев 1968-жылы 4-августта туулган. Кыргыз улуттук университетинин «юриспруденция» адистигин аяктаган. Ички иштер органдарында 1999-жылдан бери кызмат өтөйт. Ички иштер органдарындагы кызматын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүндө кылмыш иликтөөнүн ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү катары баштаган. Кызмат өтөө учурунда ыкчам ыйгарым укуктуу өкүл, улук ыкчам ыйгарым укуктуу өкүл, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам ыйгарым укуктуу өкүл, милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн начальниги болуп иштеген. Ар кандай жетектөөчүлүк кызмат орундарында дагы иштеп келген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>