Өкмөт Лебединов ГЭСин оңдоо үчүн 13,8 млн евро насыя алат

Өкмөт Лебединов ГЭСин оңдоо үчүн 13,8 млн евро насыя алат

Жогорку Кеңештин 7-июндагы жыйынында “2023-жылдын 3-мартында Лондон шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (“Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо” долбоору) жана Кыргыз Республикасы, “Чакан ГЭС” ачык акционердик коому менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (“Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо” долбоору) ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы Улан Примов белгилегендей, долбоордун жалпы наркы 13,8 млн евро, анын ичинен 8,8 млн евро кредит түрүндө, 5 млн евро инвестициялык грант түрүндө алынат. Алынган каражат Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого жумшалат.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Асрланбек Малиев «ГЭСти реконструкциялоого кеткен насыя канча жылда өзүн актайт?» — деген суроо салып, ага энергетика министри Таалайбек Ибраев оңдоп түзөө жумуштары 3 жылда бүткөрүлүп, ГЭС 7 жылдын ичинде кеткен чыгымдарын актайт, — деп жооп берди.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>