Улуттук госпитал 20-июлдан тарта жаңы акы төлөнүүчү тарифтер менен кабыл ала баштадыКыргызстанда документтери жок 2,2 млн сомдук товарларды алып кирүүгө бөгөт коюлдуЫсык-Көлдө 1-августта «Салбуурун» фестивалы өтөтҮйдөн бир метр алыстыктагы ТТС: Токмоктун тургуну Садыр Жапаровдон жардам сурайтМСК жеке ишкерлердин каттоо тууралуу кагаз жүзүндөгү күбөлүктөрүн санариптештирдиЭч бир мамлекет чакырыктарга жалгыз туруштук бере албайт — Садыр Жапаров
Рейтингдик мелдеш. Кыргызстандык балбандар канча акчалай сыйлык утту?
08.06.2023 | 10:43
Кыргызстандык балбандар жакында эле Бишкекте өткөн дүйнөлүк рейтингдик мелдеште 1,1 млн сомдон ашык акчалай сыйлык утушту.
Буга чейин аталган мелдеште байгелүү орундарды ээлеген спорчтуларга дүйнөлүк күрөш уюму тарабынан акчалай сыйлык берилери кабарланган. 1-орун үчүн 1500 швейцариялык франк (145 миң сом), 2-орунга 750 швейцариялык франк (72 миң сом) жана 3-орун үчүн 500 швейцариялык франк (48 миң сом) каралган.
Аталган мелдеште кыргызстандык балбандар жалпы 14 медаль алган, анын төртөө алтын, экөөсү күмүш жана сегизөө коло байге болгон. Муну менен кыргызстандык спортчулар жалпы 11 миң 500 швейцариялык франк же 1,1 млн сомдон ашык акчалай сыйлык утту.
Рейтингдик мелдеш. Айпери Медет кызы алтын медаль утту (видео)
Биздин Телеграм каналга катталыңыз