ИИМ Бишкектеги соода жайларында коопсуздукту күчөтүүнү тапшырды

ИИМ Бишкектеги соода жайларында коопсуздукту күчөтүүнү тапшырды

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 24-мартта жарандардын массалык эс алуу жайларында курал колдонуу менен жасалган кылмыштарды, зордук-зомбулук иштерин алдын алууга багытталган жолугушуу өткөрдү. Ага борбордогу соода жайлардын ээлери, администраторлору жана жеке кайтаруу ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Ички иштер министрлигинен маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Нурбек Абдиев учурдун маанилүү маселелеринин бири терроризмге натыйжалуу каршы туруу экенин билдирди.

Ал терроризм ыкмаларын өзгөртүп, барган сайын татаалдашып жатканын айтып, жакынкы чет өлкөдө болуп өткөн окуяларды, Москвадагы «Крокус Сити Холл» концерттик залындагы террордук чабуулду жана анын каргашалуу кесепеттерин эске салды.

«Абдиев объектилердин аймагына кирүү жана чыгуу режимин күчөтүү, видеобайкоо тутумдарын, аудио, видеожазууларды орнотуу, соода жайларын жана тегерек четтерине күндө кароо жүргүзүү, шектүү буюмдарды өз убагында аныктоо зарылдыгын тапшырды. Мындан тышкары, коопсуздук кызматкерлерин кылдат тандоо, кампаларды тез-тезден текшерүүнү уюштуруу, укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте өзгөчө жагдайларда иш-аракеттер боюнча тескемелерди жана практикалык көнүгүүлөрдү өткөрүүнү айтты», — деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Министрдин орун басары жолугушууга келгендерди сак болууга жана жарандардын коопсуздугун биргелешип камсыз кылууга чакырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>