Кыргызстанда жарандык алуу жана андан ажыроо эрежелери өзгөртүлдүБыйыл Ысык-Ата районунда жалпы 34,5 чакырым жол асфальтталатТокмокто айдоочулук күбөлүк үчүн практикалык сынак өтүүчү жайдын дареги өзгөрдүБишкекте баңгизат таратууга шектелген студент кармалдыБишкектин бир бөлүгүндө 23-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулатБишкекте бокс кечеси өтөт: турнирдин башкы беттештери белгилүү болду
Өлкөдө доллардын куну эмнеге төмөндөөдө? Адистин жообу
25.05.2021 | 10:40
Доллардын төмөндөшүнүн себептеринин бири – валютага талаптын аздыгы. Бул тууралуу Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев менен болгон түз эфирде айтканын “Акчабар” порталы жазды.
Мындан тышкары, адис долларга байланыштуу кырдаалга сезондук фактор дагы таасир этерин белгиледи.
“Жайга жакын бизге туристтер көп келгенде, биз чет элдик валютаны көбүрөөк алабыз. Азыр, мисалы, салык төлөөнүн мезгили бар, ал эми каражатын доллар менен сактагандар салык төлөө үчүн жигердүү түрдө аларды сомго алмаштырып жатышат”, – деди Улуттук банктын өкүлү.
Аида Карабаева “Центера Голддогу” кырдаал да доллардын курсуна кыйыр түрдө таасир этиши мүмкүн деп билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика