Бишкете аял киши селсаякты мууздап салган

Бишкете аял киши селсаякты мууздап салган

Бишкек шаарында адам өлтүргөнгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-май күнү саат 19:26да милициянын нөөмөт бөлүмүнө Тоголок-Молдо көчөсүндө жайгашкан Пишпек ресторанынын жанындагы токойдо бычактан жаракат алган адам тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге барган кызматкерлер 50-55 жаштагы эркек кишинин жансыз денесин көргөн. Аталган факты 130-берене (адам өлтүрүү) менен катталып, маркум Жалал-Абад облусунун 1974-жылы туулган, туруктуу жашаган жери жок тургун экенин аныктаган.

Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары Ысык-Көл облусунда 1973-жылы жарык дүйнөгө келген аял киши кармалган. Ал буга чейин бир нече ирет соттолгону айтылат. Шектүү суракта оң көрсөтмө берип, аны мууздаган бычагын көрсөткөн.

Учурда тергөө иши уланып жатканы кабарланат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>