3-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуКыргызстан АКШны жеңди: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы көк бөрү боюнча алгачкы жыйынтыктарЖогорку Кеңеште иттерди атууга тыюу салып, чиптештирүүнү киргизүү сунушталуудаКөчмөндөр оюндарынан кийин Голливуд Кыргызстанда тасма тартууну пландап жатат — Ассоль МолдокматоваЖККУнун башкы катчысы КР Коргоо министрлигинин башчысы менен алдыдагы машыгууларды талкуулады«Голливуд жылдыздары таң калууда»: Молдокматова Көчмөндөр оюндарынын масштабына баа берди
Өмүрбек Бабанов камакка алынды
31.05.2021 | 16:12
Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановду камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
“Мурда УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан маалымдалгандай, Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги тарабынан, «Кумтөр Голд компани» кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашырууда коррупциялык фактылар туралуу козголгон кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда”, – деп айтылат маалыматта.
Тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде, бүгүн, 31-майда Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) боюнча кылмышка шектүү делип мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов кармалган.
Белгилей кетсек, буга чейин Кумтөргө байланыштуу сурак берип жатканы кабарланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар