Бугүн, 22-апрелде Бишкекте коронавирус жугузуп алып оор абалда жаткан 53 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Маалым болгондой, ал жугуштуу илдеттер ооруканасына 5-апрелде оор абалда келип түшкөн.
1-апрелден 5-апрелге чейин Кемин районундагы ооруканада дарыланып жаткан.
Маркумда кант диабети, жогорку тобокелчиликтеги гипертоникалык илдет, жүрөк дарты бар экендиги айтылат штбадын маалыматында.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус адам өмүрүн алган сегизинчи учур катталды.