Бир жылда 304,9 миң кыргызстандык насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматынан пайдаланганДастан Бекешев: Бишкектеги күркөлөргө тыюу салуу ири соода түйүндөрүнө гана пайдалууКриштиану Роналду Португалия курамасындагы карьерасын аяктаганын жарыяладыКыргызстандагы баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүүгө 15 млн доллар бөлүнөтАлдамчылыкка айыпталган жаран Грузияда кармалып, Кыргызстанга экстрадицияландыУлуттук банк 2026-жылдагы пайдасын толугу менен мамлекеттик бюджетке которот
Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Азия чемпионатында 2-орунду ээледи
09.02.2024 | 22:12
Кыргызстандык оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Ташкентте өткөн Азия чемпионатында 2-орунду ээледи. Ал 9-февралда 102 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.
Расулбеков 386 кг (173 кг жулкуп көтөрүү, 213 кг) жалпы жыйынтык көрсөтүп, күмүш байгеге ээ болду. Өзбекстандык спортчу 400 кг салмакта жыйынтык көрсөтүп, Азия чемпиону болду.
Буга чейин Кыргызстандын спортчулары 3 коло медалга ээ болушкан, анын жеңүүчүлөрү Татьяна Мельниченко, Эмил Молдодосов жана Нурсултан Тарасов болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар