Бишкекте дзюдо боюнча өлкө биринчилиги өттү. Жеңүүчүлөр

Бишкекте дзюдо боюнча өлкө биринчилиги өттү. Жеңүүчүлөр

Бишкек шаарында 2-4-февраль күндөрү дзюдо боюнча 2007-2009-жылы туулган улан-кыздар арасында Кыргызстандын биринчилиги өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, турнирге Кыргызстандын бардык аймактарынан 525 спортчу катышты. Ошентип, спорттук күрөш боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары 14 медалга ээ болушту.

Алар:

Актай Саязов – 1-орун;
Нурсултан Калыбеков – 1-орун;
Абдурахман Абдыкадыров – 2-орун;
Нурболот Каныбеков – 2-орун;
Илья Сухинин – 2-орун;
Индира Эралиева – 2-орун;
Арсен Болотбеков – 3-орун;
Эрбол Авалбеков – 3-орун;
Шамил Абдразаков – 3-орун;
Айгерим Адамова – 3-орун;
Амина Салиева – 3-орун;
Сумай Акматова – 3-орун;
Айдеми Калыева – 3-орун.

«Олимп» олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинен 39 спортчу катышкан. Дзюдо бөлүмүнүн төмөнкү тарбиялануучулары байгеге ээ болушту:

Адис Орозмаматов – 1-орун;
Байаким Осмонов – 1-орун;
Айша Кыялбекова – 2-орун;
Салман Фуфуза – 2-орун;
Эрбол Кушкенов – 2-орун;
Егор Криволапов – 3-орун;
Бегайым Калилова – 3-орун;
Бекбол Садыков – 3-орун.

Белгилей кетсек, мелдеш 2024-жылга карата өспүрүмдөр жана кыздар арасында дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасын түзүү, дзюдону жайылтуу, дене тарбия жана спортту жайылтуу, достук мамилелерди чыңдоо жана спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>