Ала-Арча суу сактагычынын жанынан жырткыч куштарды мыйзамсыз кармагандар аныкталдыКасымалиев чек ара жаңжалынан жабыркагандардын турак жай маселелерин толук чечүүнү тапшырдыКазакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга келдиКыргызстанда тогуз айда жол кырсыктарынан 572 адам каза болду, анын 88и жаш балдарАшууларга кар жаап, жолдорго кум-туз аралашмасы себилүүдөЧакан жана орто бизнес 149,6 млрд сом инвестиция өздөштүрдү, өсүш 22,8%ды түздү
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга келди
29.10.2026 | 15:23

Бүгүн, 29-октябрда, Бишкек шаарына Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов расмий сапар менен келди. Бул тууралуу КРдин Министрлер кабинети билдирди.
«Манас» эл аралык аэропортунан аны КРдин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Сапардын алкагында Адылбек Касымалиев менен Олжас Бектенов эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Ошондой эле өкмөт башчылар Кыргызстан менен Казакстандын аймактар аралык кызматташтыгы боюнча экинчи форумуна катышып, кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 14-жыйынын өткөрүшөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат