КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
128 метр чучук: Бишкекте 2018-жылкы рекорд жаңыланды
10.10.2026 | 16:06

Бишкекте узундугу 128 метр болгон чучук жасалып, 2018-жылы коюлган мурунку рекорд жаңыланды.
Уюштуруучулардын айтымында, башында узундугу 120 метр чучук даярдоо пландаштырылган, бирок жыйынтыгында анын узундугу 128 метрге жеткен.
Белгилей кетсек, буга чейинки рекорд 2018-жылы коюлуп, анда 117 метр чучук жасалган эле. Жаңы көрсөткүч андан 11 метрге узун болду. Жылкы этинен жасалган улуттук тамакты жергиликтүү ишкана даярдады. Ал Чүй облусунун 100 жылдык мааракесинин алкагында Турдакун Усубалиев атындагы аянтта тартууланды.


Улуттук даамдан ооз тийүү үчүн аянтка он миңдеген шаар тургундары келишти. Чучукту кесип, каалоочулардын баарына таратып беришти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом