Четтен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайы

14.10.2026 | 16:45
Четтен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайы — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда чет өлкөдөн ташылып келген автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү жана коопсуздугун текшерүү эрежелерин өзгөртүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги иштеп чыкты. Документ коомдук талкууга коюлду.

Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, автоунааларды техникалык кароодон өткөрүүнүн жана коопсуздугун текшерүүнүн колдонуудагы эрежелери кайра карап чыгууга муктаж. Аларда четтетилиши керек болгон карама-каршылыктар бар, ошондой эле мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын жана текшерүү жүргүзүү тартибин тактоо зарыл.

Иштеп чыгуучулардын пикиринде, бул техникалык кароо жол-жоболорун кыйла ачык-айкын жана натыйжалуу кылууга, ошондой эле Кыргызстандын мыйзамдарын ЕАЭБдин техникалык регламенттерине жана президенттин 2026-жылдын 2-июлундагы жарлыгына шайкеш келтирүүгө мүмкүндүк берет.

Долбоорго ылайык, пайдаланууда турган автоунааларды техникалык кароодон КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына (ЖКККББ) караштуу «Техникалык багыттагы борбор» мамлекеттик ишканасынын аккредитацияланган пункттары гана өткөрө алат. Ээлери конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизген автоунааларга экспертиза жүргүзүүнү да ушул эле ишканага жүктөө пландалууда.

Белгилей кетсек, учурда техникалык кароону ISO/IEC 17020 эл аралык стандарты боюнча аккредитацияланган диагностикалык борборлор жүргүзүп келет. Ошентип, бул функцияларды КР ИИМине караштуу мамлекеттик ишканага өткөрүп берүү сунушталууда.

Техникалык кароо жүргүзүүчү жайлардын жабдылышына коюлган талаптар өзгөрүүсүз калат: алар диагностикалык техникалар, өлчөөчү приборлор жана сүрөткө тартып алуучу каражаттар менен камсыздалышы керек. Текшерүүнүн жыйынтыктары азыркыдай эле «Түндүк» системасы менен байланышкан бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системага (АМС) өткөрүлүп турат.

Айрым оңдоп-түзөөлөр юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келген, чыгарылганына үч жылдан ашпаган автоунааларга тиешелүү.

Учурда алардын коопсуздук талаптарына шайкештигин аккредитацияланган көзөмөл органдары жана ЕАЭБдин тиешелүү реестрине киргизилген лабораториялар текшере алышат.

Долбоор боюнча ташылып келген унаалардын коопсуздугун текшерүүнү аккредитацияланган лабораториялар жүргүзөт. Документте эки мамлекеттик ишкана — КР ИИМдин ЖКККББсына караштуу «Техникалык багыттагы борбор» жана Президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун» алдындагы «Жол кыймылына коё берүү институту» аталат.

Бул ретте унаалардын шайкештигин баалоо жөнүндө корутунду берүү укугу долбоордун өзүнчө жобосу менен «Жол кыймылына коё берүү институтунун» лабораторияларына бекитилет.

Лабораториялар ISO/IEC 17025 эл аралык стандартына жооп бериши жана ЕАЭБдин тийиштүү реестрине кириши шарт.

Дагы бир өзгөртүү техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу талондордун бланктарына тиешелүү — аларды аккредитацияланган пункттарга акы төлөө негизинде берүү сунушталууда.

Азыркы учурда мындай бланктарды аккредитация боюнча улуттук орган берет, бирок колдонуудагы эрежелерде алар үчүн акы төлөнүшү керектиги так көрсөтүлгөн эмес.

Ошондой эле техникалык кароонун жыйынтыктары боюнча даттануу тартибин тактоо сунушталууда. Жаңы эрежелерге ылайык, автоунаа ээлери комиссиянын чечимдерине жана техникалык кароо пункттарынын аракеттерине сотко чейинки тартипте да, сот тартибинде да даттана алышат.

Даттанууларды кароо мөөнөттөрү өзгөрбөйт. Комиссия кайрылууну беш жумушчу күндүн ичинде карап чыгып, андан соң бир жумушчу күндүн ичинде арыз ээсине кабыл алынган чечим тууралуу кабарлашы керек.

Документ бекитилген учурда расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Анара Мамытова

Scroll to Top