Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылды
14.10.2026 | 18:02

Бүгүн, 14-октябрда, Нарын шаарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун имараты пайдаланууга берилди. Объект «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун колдоосу менен курулган. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.
Ачылыш аземине президенттин Нарын облусундагы өкүлү Нурбек Сатаров, «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Мухаммад Абдуррахман Аль-Шая, фонддун аткаруучу директору Ибрагим Мальсагов жана медицина кызматкерлери катышкан.
Имаратта бейтаптарды кабыл алуу, диагностикалык текшерүүлөрдү жана лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн бөлмөлөр жайгаштырылган. Мекеме жергиликтүү калкка медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга шарт түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим