Садыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга берди

14.10.2026 | 17:02
Садыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга берди — Новости Кыргызстана
Садыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга берди — иллюстрация

Бүгүн, 14-октябрда, Бишкек шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания курган 1 миң 209 батир пайдаланууга берилди. Өлкө башчы Садыр Жапаров Бегматов жана Маликов көчөлөрүндө жайгашкан «Мурас» турак жай комплексинен 1 миң 104 батирдин ачкычын тапшырды. Ал эми Кара-Жыгач конушундагы 105 батирлүү үйдү онлайн форматта пайдаланууга берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент аземде сөз сүйлөп, буга чейин «Мурас» турак жай комплексинде 2 миң 66 батир тапшырылганын, кийинки жылдын июнь айында бул жерде дагы 1 миң 584 батир курулуп берилерин билдирди.

Ошондой эле өлкө башчы жалпысынан республика боюнча ушул күнгө чейин 9 миң 371 ипотекалык батир жарандарга өткөрүлүп берилгенин маалымдады. Анын айтымында, учурда Мамлекеттик ипотекалык компания өлкө аймагындагы 65 объектиде 83 миңден ашык батирдин курулушун жүргүзүүдө. Жылдын аягына чейин республиканын шаарларында жана райондорунда 20 миңден ашык батирдин курулушу аяктайт.

«Үйгө муктаж жарандарыбыздын үй-жайлуу болушу менен бирге стратегиялык максаттарыбыз да ишке ашып жатат. Өз үйү бар үй-бүлөнүн эртеңки күнгө ишеними бекем болот», — деп билдирди өлкө башчы аземдеги сөзүндө.

Scroll to Top