Flydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чоо

Дубайдан Тель-Авивге багыт алган Flydubai авиакомпаниясынын учагы учкучтардын ортосундагы мушташтан улам Сауд Арабиясына чукул конууга аргасыз болду. Экөө тең жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазып чыкты.
Алардын маалыматына караганда, учактын бортунда 174 жүргүнчү, анын ичинде 150 Израилдин жараны жана 27 бала болгон.
«Бийиктикти ылдыйлатуу учурунда учак алгач 7700 кодун — жалпы өзгөчө кырдаалдын эл аралык сигналын, андан кийин аба кемесин мыйзамсыз басып алуу же ага кийлигишүү тууралуу кабарлаган 7500 кодун берген», — деп жазат маалымат каражаттары.
Кооптуу сигнал учак кол менен башкаруу режиминде төмөндөп, 180 градуска бурулуш жасап жатканда түшкөнү такталды. Андан кийин аба кемеси Сауд Арабиясы тарапка бет алып, бийиктигин дагы ылдыйлаткан.
Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Израил учакты коштоп жүрүү үчүн абага эки истребителди көтөргөн. Ошол эле учурда Израилдин коопсуздук кызматынын өкүлү учактын басып алынганы боюнча такталган маалымат жок экенин билдирген. Негизги кооптонуу учкуч менен байланыш түзүүгө мүмкүн болбой жаткандыгынан улам келип чыккан.
«Учактын басып алынганы тууралуу так маалымат жок. Учкуч кырсык сигналын иштеткен. Биз учкуч менен байланыша албай жатабыз, мына ушул нерсе тынчсызданууну жаратууда», — деп билдирген расмий өкүл.
Жыйынтыгында учак Сауд Арабиясынын Табук аэропортуна шашылыш конгон. Алдын ала маалымат боюнча, учуу учурунда Boeing 737 учагынын учкучу экипаждын башка мүчөсү менен мушташа кеткен.
Конгондон кийин жүргүнчүлөргө өз орундарында калып, учактан чыкпоо буйругу берилген, ал эми учкучтар учактан күч менен чыгарылган.
Кийинчерээк Табук аэропортунун жетекчилиги капитан жана экинчи учкуч жаракат алып, ооруканага жеткирилгенин кабарлады.
«Flydubai лайнеринин капитаны жана анын жардамчысы жаракат алышкан. Алар медициналык жардам көрсөтүү үчүн ооруканага жаткырылды», — деп билдиришти аэропорттун басма сөз кызматынан.
Аэропорттун маалыматы боюнча, кооптуу сигнал жана шашылыш конуу боюнча өтүнүч экипаждан Бишкек убактысы боюнча саат 11:44тө келип түшкөн.
Көп өтпөй Flydubai учкучтардын ортосунда чындап эле мушташ болгонун тастыктады.
ЖМКларда ошондой эле учкучтардын бири экинчисин бычак менен жарадар кылып, учакты ылдый каратып кулатууга аракет кылганы тууралуу маалыматтар пайда болду.
Акыркы кабарларга ылайык, жабыркаган капитан БАЭнин (Бириккен Араб Эмираттарынын) жараны, ал эми экинчи учкуч Омандын жараны болгон. Бирок бул чоо-жай боюнча авиакомпания же расмий органдар тарабынан тастыктама бериле элек.
Өз кезегинде Израилдин премьер-министринин кеңсеси рейс менен болгон кырдаал толук көзөмөлдө экенин жана израилдиктерди мекенине кайтаруу боюнча чаралар көрүлүп жатканын маалымдады.
Flydubai компаниясынын башкы директору Израилдин транспорт органдарына Дубайдан Сауд Арабиясына башка учак жөнөтүлөрүн, ал жүргүнчүлөрдү Израилге алып келерин билдирди.
Анара Мамытова