Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
Акжол Махмудов Азия оюндарында коло медаль утту
01.10.2026 | 17:56

Бүгүн, 1-октябрда, Жапониянын Айти-Нагоя шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүндө коло медаль жеңди. Спортчу 77 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашкан.
Спортчу алгачкы беттешинде жапониялык Нао Кусакага утулган. Каршылашы финалга чыккандыгына байланыштуу мелдештин эрежесине ылайык Акжол Махмудов көңүл жубатуучу беттешке катышуу укугун алган.
Көңүл жубатуучу кармашта ал Казакстандын балбаны Демеу Жадраевди 10:1 эсебинде утту. Ал эми коло медаль үчүн беттеште кытайлык спортчу Руи Люну 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, үчүнчү орунга ээ болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт
Теги: Азия оюндары, күрөш