Кыргызстанда 2027-жылы IV КМШ оюндары өтөт

29.09.2026 | 12:35
Кыргызстанда 2027-жылы IV КМШ оюндары өтөт — Новости Кыргызстана

2027-жылы IV КМШ өлкөлөрүнүн оюндары Кыргызстанда өткөрүлөт. Мындай чечим 27-сентябрда Алматы шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Дене тарбия жана спорт боюнча кеңешинин жыйынында кабыл алынды.

Иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстандын жана КМШ Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышкан. Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин делегациясын Укуктук камсыздоо жана адам ресурстарын башкаруу башкармалыгынын башчысы Нурсултан Курманалы уулу жетектеген.

Жыйындын катышуучулары Бишкек шаарына 2027-жылы «Шериктештиктин спорттук борбору» макамын берүү чечимин колдошкон. Мындан тышкары, 2027-жылы Дене тарбия жана спорт боюнча кеңешке төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга өтөрү маалымдалган.

Теги: КМШ, спорт
Scroll to Top