Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Орто-Сай базарында акцизи жок 3,4 миң куту тамеки аныкталды
25.08.2023 | 10:09
Бишкекте акциздик маркасы жок 3 миң 392 куту тамеки аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкектин Орто-Сай базарынын аймагында акциздик маркасы жок тамекилерди сатуу фактылары ачкыталган.
“Жалпысынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн ар кандай аталыштагы 3 миң 392 куту тамеки табылып алынган. Мыйзам бузууга жол берген ишкерге карата мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт”, – деп айтылат маалыматта.
Салык кызматы жарандаран акциздик маркалары жок же жасалма акциздик маркалары менен тамеки жана ичимдиктерди сактоо жана сатуу фактылары тууралуу жергиликтүү салык органына же (0779) 61-31-89 номери боюнча ишеним телефонуна кабар берүүсүн суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом