Бишкекте өспүрүмдөр велосипед уурдап жүрүшкөн (видео)

Бишкекте өспүрүмдөр велосипед уурдап жүрүшкөн (видео)

Бишкекте велосипеддерди уурдоого шектелип өспүрүм балдар кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-июлда болжол менен саат 12:00до шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездинен баасы 16 миң сомдук MAXISS велосипеди уурдалган. Бул боюнча велосипеддин ээси милицияга кайрылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары эки өспүрүм – 2006-жылы туулган К.В. жана 2009-жылы туулган О.А. аттуу балдар кармалган. Алар мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосунда тергөө кызматына жеткирилип, жашы 18ге толо элек болгондуктан тилкат менен кое берилген.

Милициядан билдиришкендей, тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү балдар уурдаган велосипеддерди саткан жерин көрсөтүп, ал жерден 6 велосипед табылып алынган. Алардын арасында жабырлануучунун велосипеди да бар болуп, ал ээсине кайтарылган. Учурда кармалгандардын велосипед уурдоо боюнча башка кылмыштарга катыштыгы бар экени аныкталган.

Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандарды же кандайдыр бир маалыматы бар адамдарды 0(701) 00-26-88 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Ошондой эле милиция ата-энелерге кайрылып, балдарга кылмыш жасагандар үчүн жоопкерчилик каралганы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>