Орусия Кыргызстан менен болгон авиакаттамдар качан жанданарын айтты

Орусия Кыргызстан менен болгон авиакаттамдар качан жанданарын айтты

21-сентябрдан тарта Орусия Беларуссия, Казакстан жана Кыргызстан менен болгон авиакаттамдарды жандандырат. Мындай чечим аталган өлкөнүн коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын отурумунан кийин кабыл алынган.

«21-сентябрдан тарта Казакстан (Нур-Султан), Кыргызстан (Бишкек) жана Беларуссия (Минск) менен эл аралык авиакаттамдарды өз ара негизде жандандыруу чечими кабыл алынды», — деп айтылат билдирүүдө.

Каттамдар жумасына бир жолу жүргүзүлөт. Ошондой эле, 27-сентябрдан баштап Түштүк Корея менен аба каттамдары жанданат (Сеул аркылуу).

Мындан тышкары, өкмөт Орусиянын жарандары өлкөгө кадимки каттамдарды колдонуп кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк алышкандыктан, «экспорттук рейстерди» токтотуп жатканын билдирди.

«Мамлекеттердин ортосундагы транспорттук байланыштар калыбына келтирилген жана Орусиянын жарандары мекенине үзгүлтүксүз учуулар менен кайтып келе алышат», — деп кошумчалады басма сөз кызматы.

Өкмөт буга чейин жокко чыгарылган «экспорттук рейстердин» айрымдары Аэрофлоттун коммерциялык рейстерине алмаштырылганын дагы ырастады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>