Кабминде социалдык коргоо тармагындагы негизги көйгөйлөр белгилендиКазакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте Улуттук педагогикалык форум өтүүдө«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуяларКыргызстанда 8 райондо суу менен камсыз кылуучу райондук ишканалар түзүлөтКыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлык акысы 40 миң сомго чейин көтөрүлдү
Орусияда эмгектенген кыргыз мигранттары үчүн жаңы сайт ачылды
09.07.2019 | 10:27
Орусияда эмгектенген кыргыз мигранттары үчүн жаңы сайт ачылды. Бул тууралуу жаңы ачылган www.elchi.ru сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, аталган сайт аркылуу мекендештер өздөрүнө керектүү маалыматтарды, документтерди таап, консулдуктан сапаттуу укуктук кеңештерди ала алышат.
Сайттын ачылыш аземинде Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун Москва шаарындагы мекендештер менен жолугушуусу болду. Анда ал Москвадагы Улуттар Үйүндө Орусиядагы кыргыз Элчилиги, Консулдук бөлүмү, Миграциялык комитет, ИИМдин өкүлдөрү Москвадагы диаспора, коомдук уюмдун жетекчилери, мүчөлөрү, өкүлдөрү, активисттеринин алдында алты айлык отчетун берди.

Рубрики: Жаңылыктар