Фермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөт

27.09.2026 | 14:56
Фермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөт — Новости Кыргызстана

Фермерлерди «iDyikan» платформасы аркылуу толугу менен аралыктан кредиттөө пландалууда. Жаңы формат ишке кирсе, дыйкандар банкка барып, документ чогултуп, кезек күтүүгө мажбур болбойт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Жаңы формат министрдин орун басары Мирбек Дүйшеевдин финансылык уюмдардын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда талкууланды. Каржылоого арыз берүүдөн тартып кредит боюнча чечим алганга чейинки бардык процессти санариптештирүү пландалууда.

Учурда фермерлер «iDyikan» аркылуу катталып, жеңилдетилген кредитке электрондук арыз берип, онлайн-кезекке туруп жана кайрылуусунун статусун көзөмөлдөй алышат.

«Фермерлерди жеңилдетилген кредиттөө» модулу 2026-жылдын 15-апрелинен тартып иштеп келет. Бул убакыт аралыгында «АБанкка» 762, ал эми «Элдик Банкка» 255 электрондук арыз жөнөтүлгөн.

Кийинки этапта «онлайн-кезектен» толук кандуу онлайн-кредиттөөгө өтүү каралууда. Ар бир фермер үчүн бирдиктүү санариптик профиль түзүлүп, керектүү маалыматтар мамлекеттик маалыматтык системалардан автоматтык түрдө алынат. Мунун аркасында фермерлер мамлекетте буга чейин бар документтерди жана маалыматтарды кайрадан тапшырууга мажбур болбойт.

Келечекте «iDyikan» аркылуу жеңилдетилген кредиттерден тышкары коммерциялык агрокредиттерди, инвестициялык каржылоону жана айыл чарба техникасын лизингге алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү пландалууда.

Ошентип, фермерлер үчүн негизги каржылоо инструменттерин бир санариптик сервиске бириктирүү көздөлүүдө.

Scroll to Top