Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталууда

30.09.2026 | 17:50
Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталууда — Новости

КР Ички иштер министрлиги куралга ээлик кылууга укук алууну көздөгөн жарандарды жана жеке күзөтчүлөрдү медициналык кароодон өткөрүү тартибин өзгөртүүнү сунуштоодо. Атап айтканда, баарына милдеттүү болгон электроэнцефалографияны (ЭЭГ) клиникалык көрсөтмөлөр боюнча текшерүүгө алмаштыруу, ал эми никотинге көз карандылыкты каршы көрсөтмөлөрдүн тизмесинен чыгаруу каралууда.

Ведомство тиешелүү өзгөртүүлөрдү куралга ээлик кылууга жана жеке күзөтчүнүн милдеттерин аткарууга тоскоолдук жараткан оорулардын тизмеси бекитилген Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 237 токтомуна киргизүүнү сунуштайт.

Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, жарандар медициналык текшерүүдөн өтүүдө баш мээнин электроэнцефалографиясынан жана эксперименталдык-психологиялык текшерүүдөн милдеттүү түрдө өтүшү керек.

Демилгечи бул текшерүүлөрдү бардыгы үчүн милдеттүү түрдө өткөрүүдөн баш тартууну сунуштоодо. Долбоорго ылайык, ЭЭГ жана эксперименталдык-психологиялык текшерүү клиникалык көрсөтмөлөр болгондо жана дарыгер-психиатрдын жолдомосу менен гана жүргүзүлөт.

ЭЭГ кошумча диагностикалык ыкма болуп саналат жана негизинен эпилепсияга, пароксизмалдык абалдарга жана борбордук нерв системасынын айрым ооруларына шек жаралган учурларда гана колдонулары белгиленет.

Иштеп чыгуучулардын пикиринде, куралга ээлик кылуу укугун алуу үчүн медициналык кароодон өтүп жаткан бардык жарандарга мындай изилдөөнү жүргүзүү жетиштүү клиникалык негизге ээ эмес. Эксперименталдык-психологиялык текшерүү дагы психикалык абалды баалоонун кошумча ыкмасы болуп саналат. ИИМ аны бардык жарандар үчүн милдеттүү түрдө жүргүзүүнүн зарылдыгы жок деп эсептейт.

Дагы бир өзгөртүү никотинге көз карандылыкка тиешелүү. Учурда медициналык каршы көрсөтмөлөрдүн тизмесине тамеки тартууга байланыштуу психикалык жана жүрүм-турумдук бузулуулар кирет.

Негиздеме-маалымкатта никотинге көз карандылык өзүнчө эле куралга коопсуз ээлик кылуу жөндөмүн жоготкондукту билдирбей турганы жана аң-сезимдин же жүрүм-турумдун милдеттүү түрдө бузулушу менен коштолбой тургандыгы айтылат. Андыктан, авторлордун баамында, аны куралга ээлик кылууга тоскоол болгон абсолюттук медициналык каршы көрсөтмө катары кароого болбойт.

Ошол эле учурда документте көрсөтүлгөн спирт ичимдиктерин, опиоиддерди, каннабиноиддерди, седативдик жана уктоочу дарыларды, стимуляторлорду, галлюциногендерди, учма эриткичтерди жана башка психоактивдүү заттарды колдонууга байланыштуу калган бардык психикалык жана жүрүм-турумдук бузулуулар тизмеден чыгарылбайт.

Долбоор 2026-жылдын 18-августунан 31-августуна чейин коомдук талкуудан өттү. Негиздеме-маалымкатта көрсөтүлгөндөй, анын жыйынтыгы боюнча сын-пикирлер жана сунуштар түшкөн эмес.

Токтом кабыл алынган учурда расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Анара Мамытова

Scroll to Top